Ак-Сууда 6 карышкыр атылды

1 848

Ысык-Көлдө быйыл карышкыр жылдагыдан көп болгондуктан, мергенчилерде тыным жок.

Түп районунун егери Жаныш Масеев Ак-Суу районундагы Ак-Чий айылынын тургундары үч бодо малын карышкырга жара тарттырып жиберип, мергенчилерге кайрылышканын айтты.

“Быйыл карышкыр жылдагыдан күч болууда. Бул өрөөнгө кар калың жаагандыктан, мергенчилер кардын үстүнөн жүргөн техниканы арендага алып, акыркы үч күндө эки карышкыр колго тийди. Андан соң жергиликтүү тургундар менен жырткычтардын изине түштүк. Жалпысынан 6 карышкыр атылды. Кайсы жерден арыз түшсө, ошол жакка баруудабыз”,— деп билдирди ал.

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча башкы адиси Төлөгөн Усембаев кышкы санактын эсеби боюнча быйыл аймакта 540 карышкыр катталганын айтат.

Комментарии

  1. Cool blog! Is your theme custom made or did you download it from somewhere?
    A theme like yours with a few simple adjustements would really make my blog stand out.
    Please let me know where you got your design. Thanks

    Also visit my web page :: cheap flights

  2. I’ve been browsing on-line greater than 3 hours as of late,
    but I never found any attention-grabbing article like yours.

    It is beautiful value sufficient for me. In my opinion, if
    all webmasters and bloggers made just right content as you probably did,
    the web will likely be a lot more helpful than ever
    before.

    Look into my blog post; cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь