Бүгүн, 9-февралда Кыргызстандын Футбол Федерациясы жаңы президентин шайлап,  Семетей Султановдун ордуна бул кызматка Канатбек Маматов дайындалды. Мыфндай чечим федерациянын бүгүнкү кезексиз отурумунда кабыл алынды.

Федерациянын сайтындагы маалыматта ылайык, жыйындын катышуучулары адегенде  учурдагы Футбол Федерациянын президенти Семетей Султановдун отставкасын кабыл алышкан. Андан соң Канатбек Маматов 4 жылга аталган кызматка  бир добуштан шайланды

Эске салсак, буга чейин Семетей Султанов кызматтан өз каалоосу менен кетип жаткандыгын билдирген.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь