Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, учурда тез өскөн айлык акы маалымат жана байланыш тармагында иштеген кызматкерлердики болууда. Алардын айына алган маянасы 14,5 пайызга өсүп, жалпысынан 31,6 миң сом болгону аныкталган

Бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын январь-ноябрь айындагы маянага 2017-жылда төлөнгөн айлык акыны салыштыруу аркылуу келип чыккан. Жыйынтыгында республикадагы орточо айлык  5,9 пайызга, тагыраагы, 14 874 сомдон 15 747 сомго өскөн.

Ошондой эле курулуш тармагындагылардын да тапкан акчасы жогорулап, 16,7 миң сомду түзгөн. Ал эми искуство, көңул ачуу  жана эс алуу тармагында иштеген адамдарды маянасы 1,9 пайызга өсүп, 8,5 сомго кобөйгөн

Эң көп айлык финансылык ортомчулук кылгандар менен камсыздандыруу жаатындагылардыкы экени аныкталган. Көбөйгөн пайызы анча бийикке чыкпаса да, орточо айлыктын көлөмү 34 миң сомдун тегерегинде.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: