Өзүн кыргыздын деми атап, элге дем күч берүүгө аракеттенген Гүлзат Мамытбек интернеттеги жеке баракчасына балдарын ала албай жатканын айтып видеосун жүктөгөн. Аталган видеодо ал көз жашын төгүп, атүгүл колдору канжалаганын байкоого болот. Ал тасмада Гулзат Мамытбек:

“Балдарымды алам деп барсам, атасы бербей койду. Өзүмдүн үйүмө өзүмдү киргизбейт. Менин үйүмдө жубайы менен жашайт. Азыркы жубайына дагы учурунда мага кол көтөргөндөй балдардын көзүнчө кол көтөрөт экен. Эл эмне дейт, ата-энемдин бетин жер каратпайын деп жашырып, ал адам менен 7 жыл жашадым. Балдарымдын психикасы дагы бузулду. Эми мен балдарым үчүн акырына чейин күрөшөм! Эч нерседен коркпойм!” – деген сөздөрүн угууга болот

Мындай пикирге Гулзат Мамытбектин мурдагы жолдошу Талант Курманкулов SUPER.KG сайтына төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Мен Гүлзатты сотко бергем, азыр соттук иштер уланууда. Гүлзат мурун 5 айлык баламды бала багуучуга берип салып, өзү Америкага кетип калган. Америкадан келгенден кийин муну эшикке чыгарып койгом. 5 айлык баланы бир кемпирдикине таштап коюп, балам ал үйдө 1 күн эмес, жума, айлап жашайт экен. Ошондон кийин мен балдар, кыздарымды алып келгем. Гүлзат өзү мага нотариус аркылуу келишим жазып берген. Анда балдарым 18 жашка чейин мени менен болот деп жазылган. “Мен ишемби күнү алып кетем жана жекшемби күнү алып келип берем” деген. Жакшы түшүндүрдүм, болгон жок. Жактоочусу менен дагы сүйлөштүм, анда дагы болгон жок. Гүлзат үйүмө биринчи жолу келген жок, бул 3-4-жолу кирип келип жатканы”, – дейт

Гулзат Мамытбек мурдагы жолдошу менен 7 жыл жашап, 3 кызды тарбиялашкан. Учурда кыздар атасында экени айтылат. Аларды Гулзат Мамытбек  өз колуна алуу үчүн жолдошу менен соттошуп жүргөнү маалым.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь