2018-жылкы ички дүң өндүрмүнүн өсүшү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан эң акыркы орунда турат.
Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү жарыялаган расмий маалыматтарына ылайык Тажикстандын ИДПсы өткөн жылы 7,3 пайызга өсүп, аны сап башына чыгарган. Түркмөнстанда 6,2 пайыз өсүш байкалса, бул көрсөткүч Өзбекстанда 5,1 пайызды түзгөн. Коңшу Казакстандын ички дүң продукциясы 2018-жылы 4,1 пайызга көтөрүлгөн, ал эми Кыргызстанда өсүш болгону 3,5 пайызды көрсөтөт
7-февралда Финансы министрлигинин бюджетти талкуулаган жыйында республикалык бюджет 135 437,6 млн. сом суммасында киреше жана 142 071,5 млн. сом суммасында чыгашаларды эске алганда 6 633,9 млн. сом дефицит менен аткарылганын айтылган. Дефицит мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганын өкмөт башчы жетишкендик катары баалаган.