Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев камалса, ачкачылык жарыялап, Ак үйдүн алдына чыгарын билдирген. Укук коргоочунун айтымында:
-Иштен алынган министрлерге кылмыш иши козголуп, камай беришкени туура эмес. Батыралиевдин учурунда саламаттык секторунда бир топ жакшы реформалар болду. Ал дары мафиясынын жолун бууганга аракет кылып, канча жылдан бери чечилбей келе жаткан гемодиализ проблемасын чечти. Өлкөдө менчик ооруканалардын курулушуна шарт түздү. Антибиотиктердин рецепти жок сатылышын токтотту. Мунун баары мурда бул тармактан көмүскө киреше тапкандарга жакпай жатат, – деди Карасартова.
Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 322-беренеси (“Билип туруп жасалма келишим түзүү”) боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги жөнүндө билдирме берилген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө, Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында аталган министрликти жетектеп туруп, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда.
Ал 5-стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууда мамлекетке пайдасыз бир нече келишим түзгөн. Анын натыйжасында мамлекет 107 млн. сомдон ашык зыян тарткан деген маалымат айтылууда
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганын УКМК кошумчалаган
Great post thank you. Hello Administ . Casibom , Casibom Giriş , Casibom Güncel Giriş , Seo Paketleleri , iLetişim : Skype: By_uMuT@KRaLBenim.Com