Эксперттер зыяндуу нурду эң көп бөлүп чыгарат деген телефон аппараттарын санап берди. Бул боюнча “РИА новости” жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коопту смартфондордун биринчи сабына 2017-жылдагы модели менен Xiaomi Mi A1 чыккан, анын бөлүп чыккан нуру бир килограммга 1,75 ватт деп жазылган

Экинчи орунга OnePlus 5T (бир килограммга 1,68 ватт), үчүнчү орунда кайрадан эле тааныш марканын башка модели — Xiaomi Mi Max 3 (бир килограммга 1,58 ватт) аппараты турат.

Биринчи бештикке OnePlus 6T жана HTC U12 Life кирген.

Антирейтингди түзүүдө компания Германиядагы Радиациялык коргоо боюнча ведомствонун маалыматтарын пайдаланган. Анткен менен немецтерде нурлануунун деңгээли бир килограммга 0,6 ватты түзөт. Сайтта жарыяланган смартфондордун баары белгиленген көрсөткүчтөн ашып кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь