Трамп Ким Чен Ын менен Вьетнамдын борбору Ханойдо 27-28-февралда жолугарын дагы бир жолу ырастады. Бул туралуу ишенимдүү маалымат булактары жазып чыкты.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 8-февралда тараткан билдирүүдө АКШнын Түндүк Кореядагы атайын өкүлү Ханойдо өтө турган саммит боюнча үч күндүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат. Стивен Бигун жана анын кореялык кесиптеши Ким Хёк Чхоль өткөн жылдын июнь айында Сингапурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышы тууралуу кеп курушту. Анда эки лидер тең Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан толук арылуусун жана Корей жарым аралында тынчтык орнотууну талкуулашкан.

“Рейтерс” маалымат агенттиги кабарлагандай, эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу жакынкы мезгилге пландалганы менен алар ушул күнгө чейин өзөктүк программа тууралуу мунапыска жетише элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь