12-февралдан тартып “Коопсуз шаар” долбоору ишин баштайт

    Кечээ ,9-февральда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизүү даярдыгын текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлаганын маалымат булактары жазып чыгышты

    Анда, өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барганы айтылат

    Мониторинг борбору “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет. Андан соң тийиштүү кагаздар “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы аркылуу автоунаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

    Мухаметкалый Абылгазиев 12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет экенин айтты

    Маалымат технологиялары жана байланыш комитети 12-февралдан тарта “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштарын билдирген ,  камералар жол коопсуздугундагы жети эреже бузууну аныктайт

    1.Светофордун тийиштүү чырагына баш ийбөө;

    2. Карама-каршы тилкеге чыгуу;

    3. Жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо;

    4. Светофордун токтотуу белгисиндеги өтүү;

    5. Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерин сактабоо;

    6. Ылдамдыкты чектен ашыруу.

    7. Автоунаа токтотуучу жерлердин, аялдамалардагы талаптарды бузуу.

    Пикир кошуңуз

    Пожалуйста, введите ваш комментарий!
    Пожалуйста, введите ваше имя здесь