Кыргыз спортчу Бекдөөлөт Расулбеков Таиландда өткөн оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште алтын байгени жеңип алды. Бул тууралуу оор атлетика федерациясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, “EGAT’s Cup-2019” аталышындагы мелдеште Бекдөөлөт Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан
Булкуп түртүүдө Расулбеков 157 килограммды, түртүп көтөрүүдө 190, жалпы 347 килограммды көтөргөн. Бул жыйынтык менен Бекдөөлөт Расулбеков 1-орунду ээлеп алтын медалды тагынды.
Буга чейин Иззат Артыков 67 килограммга чейинки салмак ченде 4-орунду ээлеп калганы маалым