Сочи шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Россия лидери Владимир Путиндин бейрасмий жолугушуусу кечээ 9-февральда өттү. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Билдирүүгө ылайык, өлкө башчылар эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулап, аймактагы абал тууралуу пикир алмашкан.

Мындан тышкары, жолушуунун жүрүшүндө Путиндин Кыргызстанга марттын соңунда боло турган иш сапарына даярдыктар көрүлүп жатканы айтылган.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик визиттин алкагында бир катар иш-чаралар болжолдонгон. Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын отуруму, эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн 500 өкүлү катышкан аймак аралык конференция өткөрүлөт. Мындан сырткары биринчи жолу Кыргызстандын жана Орусиянын окуу жайларынын ректорлорунун форуму өтөт. Анын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь