“Вега” компаниясынын өкүлү Сергей Долгополов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аймактарга орнотулган “Автокайгуул радар” комплекси кантип иштээрин түшүндүрүп берди.
“Бул система карама-каршы тилкеге чыгууларды, ылдамдыкты, коомдук транспорт тилкеси же жол жээги менен жүрүүлөрдү каттоого алып турат”, — деди ал.
Жабдууну эл арасында “антирадар” деп аталып жүргөн радар-детектор алыcтан көрө алат.
Эске салсак, эртең, 12-февраль күнү, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган фото жана видеокөзөмөл жабдуулары толугу менен тартип бузууларды каттоого ала баштайт.