«Коопсуз шаар». Долбоордун биринчи этабына болгон даярдык аяктады

    381

    Бишкек мэриясы «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына болгон даярдыкты аяктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, Бишкек жашылдандыруу чарбасы жол чырактарды жана жол белгилерин жаап турган бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштерин жүргүздү. «Бишкекасфальтсервис керектүү жол белгилерин чийип, белгилерди орнотту. Эски жол чырактардын ордуна жаңылары орнотулуп, ички жарыктандыруу жакшыртылды. Тазалык ишканасы санитардык тазалыкты жөнгө салды», -деп билдиришти мэриядан.

    Билдирүүгө ылайык, фото жана видеокамералар орнотулган аймактар атайын «Көзөмөл» деген жазуусу бар белги менен белгиленди. Камералар күнү-түнү иштеп баштайт.

    Пикир кошуңуз

    Пожалуйста, введите ваш комментарий!
    Пожалуйста, введите ваше имя здесь