Ошто «Хонда» менен кагышкан кичи автобустун терезесинен окуучу ыргып кетти

524

Ош шаарынын Масалиев проспекти менен Кара-Суу көчөсүнүн кесилишинде эки унаа кагышты. Окуя бүгүн, 11-февралда саат 08:20 чамасында болгон.


Күбөлөрдүн айтымында, «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унаа каршы багытта келе жаткан «Мерседес Спринтерди» капталынан сүзгөн. Кагылышуудан улам кичи автобуста бара жаткан окуучу айнектен ыргып кеткен. Кырсыктан кийин 4 окуучу ооруканага кайрылып, амбулатордук жардам алышты. Алар катуу коркуп калган, учурда абалдары жакшы. Жүргүнчү ташуучу унаадагылардын көпчүлүгү окуучулар болгон.

Ал эми «Хонда Стрим» унаасынын алдыңкы дөңгөлөгү чыгып кеткен. Унаа катуу ылдамдыкта келе жаткандыктан 100 метрдей жүрүп барып, каршы тилкеге өтүп токтогон. Кичи автобустун дөңгөлөгү жарылып, токтоп калган.

Бул кырсык боюнча Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери териштирүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь