2019-жылдын 29-январындаКРУКМКтарабынантерроризмгекаршы
күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн
контртеррористтик иш чаралардын негизинде, КР жараны М.Х. кармалды.
Ал КР кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесиндекаралган кылмышишин
жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
Такталгандай, кармалган адам 2015-жылы “джихад” идеологиясын
көздөп Сирияга кеткен. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп,
куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында
ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.