Кыргызстандын футбол федерациясы футбол боюнча улуттук курманын башкы машыктыруучу Александр Крестинин менен келишимди узартты. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы түзүлгөн келишимге ылайык Александр Крестинин Кыргыз улуттук курама командасын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабына жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдайт.
Айта кетсек, Александр Крестинин футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын 2014-жылдан бери машыктырып келет. Бул жылдар аралыгында Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 91-сапка чейин көтөрүлгөн. Мындан сырткары улуттук курма алгачкы ирет Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгып, андан ары жарым чейрек финалга чейин жеткен.