Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы сатылат. Мындай сунушун Жогорку Кеңеш өкмөткө сунуштады. Алар аталган имаратты эл аралык жарманке борбору кылып, спорт сарайын калаанын четине куруу керектигин айтышууда. Анткени, спорт сарайга унаалар батпай, стандарттарга жооп бербей калды. Демилгечи Жогорку Кенештеги Кыргызстан фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматов буларга токтолду:

Кубанычбек Нурматов ЖК депутаты, “Кыргызстан” фракциясы 

 -“Мен бул сунушту, “спорт сарайын оңдоодон өткөрүү керек” деген пикирден соң киргиздим. Анткени эскилиги жеткен имаратты оңдогондон көрө, ордуна ярмарка өтчүү же концерттик иш чара уюштурчуу жай кылсак туура болчуудай. Ал эми шаардын сырт жагына заманбап, талапка жооп берчүү спорт сарайын курсак. Анткени, автоунаалар батпай көп ыңгайсыздыкты жаратып жатат.” 

Ал эми Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайдын башкы директору Канат Шабданбаев бул демилгеге каршы чыгууда. Мыйзамга туура келбеген сунуш экенин белгилеп, алгач жаны имаратты кургандан кийин бул маселени көтөрүү керектигинин билдирди.

Канат Шабданбаев “Кааба уулу Кожомкул” атындагы спорт сарайдын директору

 -“Мен бул ойго кошулбайм. Анткени мындай демилге мыйзамга туура келбейт. Спорт сарайы бизде жалгыз ири имарат. Андан көрө ушул жайды оңдоп түзөөдөн өткөрүү зарыл. Ал эми жаңы имарат салгандан соң спорт сарайын көчүрүү туралуу сунуштарды киргизсе туура болмок”

Аталган спорттук жай Кыргызстанда ири делген жападан жалгыз имарат. Азия Оюндарын араңдан зорго өткөргөн. Бирок, Жогорку Кеңештин демилгеси азыркы учурда жүзөгө ашабы деген суроо туулат. Буга чейин дагы эл өкүлдөрү жүзөгө ашпай турчу демилгелери менен атагы чыккан. Мисалы, “Ар бир төрөлгөн балага 50 миң сом суйунчу пул” деген демилгелери менен белгилүү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: