Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдор абактан бошотулган жок

532

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов абактан бошотулду деген маалыматты четке какты. 

Маалыматта, учурда эки саясатчы тең абакта экени айтылат.

«Кубанычбек Кадыров да, Бектур Асанов да учурда абакта отурат. Азырынча соттун чечиминде өзгөрүү бар деген кабар жок», – деди маалымат катчы.

Буга чейин Турсунбек Акун жогоруда аты аталган саясатчылардын абактан бошотулганын айтканын Super.kg жазып чыккан. Ал өз сөзүндө мындай кабарды саясатчылардын жактоочусу билдиргенин кошумчалаган.

Кадыров менен Асанов «бийликти күч колдонуу аркылуу басып алуу жана региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыпталып жаткан. 

Комментарии

  1. Someone essentially assist to make seriously
    posts I might state. That is the first time I frequented your web page and to this point?

    I surprised with the research you made to make this particular submit incredible.
    Excellent activity!

    Also visit my web site :: Leandro

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь