Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сайдахмат Исмаилов кароосуз калган иттерге атайын жай даярдоо сунушун берди. Демилге кеңештин 12-февралдагы жыйынында көтөрүлдү. Депутаттын айтымында жолбун иттер таң эрте мектепке барган окуучуларга коркунуч жаратат.
“Ошондуктан иттерди кабыл алган атайын жайды уюштуруу тапшырмасын мэрияга берели. Каражат табышсын. Бүгүнкү күнү ансыз да жолбун иттерди атууга аз эмес көлөмдөгү каражат берилет. Аларды атуу аёосуз мамиле болуп калат. Эгер кабыл алуу жайлары ачылса жакшы болмок» деп кошумчалады
Депутаттар аталган маселени «Ар кандай маселелер» бөлүмүнө киргизүү үчүн добуш беришти.