Маалыматтарга ылайык, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевдин Бишкек шаарында бир нече кыймылсыз мүлктөрү аныкталды.
Көк Жар жаңы конушундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан №20/2 , 8-батир жана Суеркулов көчөсүндө №7 үйдүн 13-батири, Кеңсуй көчөсү,№19 батир 8. Сокулук районун Ново-Павловка айылында жайгашкан Пректируемая №199 турак жайы жана Ак-Ордо конушунда орун алган Көк- Бел көчөсү №74 үйү Мусакеевдин менчик мүлктөрү болуп саналат.
Андан тышкары Дамир Мусакеевге башкалаадагы бир нече кымбат батирлер дагы катталганы маалым болду.
Мусакеевдин өзүнүн айтымына караганда, мамлекеттик кызматта эмгектенип жатып, адан тышкары жеңил автоунааларды сатуу менен алектенген. Анын жыйынтыгы бир нече кымбат батирлерди сатып алууга жардам берген