Бишкек жылуулук электро борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишине тийиштиги бар делген мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаевдин иши сотко жөнөтүлдү.
Маалыматка ылайык, материалдар Свердлов райондук сотуна келип түштү. Биринчи соттук отурум качан боло турганы азырынча белгисиз.
Эскерте кетсек, аталган маселе боюнча кылмыш иши козголуп, энергетика тармагынын жооптуу кызматтарында отурган жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана депутат Осмонбек Артыкбаев дагы бар. Алардын бардыгы жемкордук беренеси менен айыпталууда.
Thank you for great information. Hello Administ . Cami Halısı ve Cami Halıları Firmasi.cami halısı