“Бишкек шаарынын ЖЭБсын модернизациялоо” долбоорун даярдоо, ага кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча дагы № 150-18-73 жана 115 эки кылмыш иши.
Бул кылмыш иштери тергөө учурунда бир өндүрүшкө бириктирилген болчу. Бул жерде миллиарддаган зыян келтирилген ири коррупциялык схема аныкталгандыгы шексиз. Бул схемага көптөгөн адамдар, анын ичинде жогорку саясий кызматтарды ээлеген адамдар катышкан.
Аныкталгандай, ЖЭБны модернизациялоо боюнча контракт түзүү учурунда аткарыла турган иштер тыкыр эсептелген эмес, конкреттүү смета түзүлгөн эмес. Тийиштүү контракт даярдалып, ага кол коюлуп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктары эске алынган эмес. Бул кылмыш иши боюнча курамына тийиштүү адистер менен эксперттер кирген ири тергөө тобу иш алпарган.
Кылмыш иштериндеги чындыкты аныктоого багытталган көп сандаган тергөө амалдары жүргүзүлүп, олуттуу көлөмдөгү иштер аткарылды. 2018-жылдын 20-декабрында комиссиялык соттук-курулуштук жана комплекстүү техникалык экспертизаны өткөрүү аягына чыгарылды. Эксперттердин корутундуларына ылайык, коррупциялык схеманы колдонуунун натыйжасында мамлекетке 5 млрд 439 млн. сомдон ашуун суммадагы ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Коррупцияны уюштуруу боюнча төмөнкүлөргө айып тагылган: – С.Дж. Исаковго, Ж. Сатыбалдиевге, О.М. Артыкбаевге; – ТВЕА компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М. Макелекке.
Ошондой эле кылмыш иши боюнча коррупцияны ишке ашырууга шериктеш болгондугу үчүн төмөнкүлөргө айып тагылган: – “Электр станциялары” ААКнын мурдагы жетекчилери С.А. Авазов менен Ж.М. Назаровго; – Энергетика жана өнөр жай министринин мурдагы орун басары А.Р. Калиевге.