Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүмү (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) менен сотко чейинки иликтөөнү баштаган.
Тергөө соту тарабынан атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө токтому чыккан. Жогорудагы токтомдун негизинде 2019-жылдын 7-февраль күнү Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен бирдикте Тез чара көрүү атайын отрядынын кызматкерлерин тартуу менен кумар оюндарын өткөрүү жана мыйзамсыз кумар ишкердигин уюштуруу фактыларын аныктоого багытталган атайын операциясын жүргүзүшкөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн дарек текшерүүгө алынган. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мыйзамсыз кумар оюндарын жүргүзүшкөндүгү аныкталган жана компьютерлердин жанында 7 оюнчу бар болгон. Аларды текшерүү учурунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 30-40 жаштардагы жашоочулары болуп чыккан. Ал эми кумар оюндарын ойноочу мекеменин администратору Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган К.С. аттуу жашоочусу (аял киши) болгон. Ал мурда кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү беренеси менен жоопкерчиликке тартылган.
Имараттын ичинен 10 компьютер, кассадан 6 500 сом акча каражаты табылды. Андан сырткары 4 даана ак жана кара түстөгү бет кап, оюнчук тапанча, бир нече бычактар табылган.
Алынган маалыматтар боюнча аталган имарат Жалал-Абад облусунун 1955-жылы туулган З.А. аттуу жашоочусуна (аял киши) таандык.
Ошол эле күнү мекеменин администратору сурак берүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.
Азыркы учурда кумар оюндарын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу жана ушул кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Loving the information on this site, you have done outstanding job on the posts.
Feel free to visit my web page: Green Leaf Healing CBD Oil
Thank you, I have recently been searching for information approximately this topic
for ages and yours is the greatest I’ve found out till now.
But, what in regards to the conclusion? Are you certain in regards to the supply?
Visit my web-site; Green Healing CBD Tincture