2019-жылдын январында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 30 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,4 пайызга жогорулады.
“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 27 миллиард сомго жакынды түзүп, 1,9 пайызга өстү.
Өткөн жылдын жыйынтыгында өнөр жай продукциясынын көлөмү 19 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 15,7 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү металл рудаларын казып алуунун (2,4 пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (46,0 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (20,3 пайызга), негизги металлдарды өндүрүүнүн (44,5 пайызга), ошондой эле суусундуктарды, кийимдерди, жыгач иштетүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.
2018-жылдын январ-декабрында орточо айлык акы 16 218 сомду түзүп, курулуш ишканаларында, маалымат жана байланыш, мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздоо жана соода тармактарында жогорулаган. Мунун ичинде бюджеттик эмес чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акысынын өлчөмү, бюджеттик кызматкерлердин айлык акысынан 1,8 эсеге жогорулаган.