Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Казакстандын аймагында 6-февралдан 9-февралга чейин катуу суук болуп, айрым аймактарда абанын температурасы түнкүсүн -39 градус суукка жеткен. Костанай облусунда үйүнүн короосунда эркек киши тоңуп өлгөн. Маркум ичкиликке берилген адам экени маалымдалууда. Ошондой эле ушул эле облустун аймагында жашаган дагы эки аялдын өлүмү катталган.

“Астанада катуу сууктан жабыркап медициналык жардам сурап 14 адам кайрылган, анын төртөө кичинекей балдар. 2017-жылы туулган бала катуу үшүп калып, ооруканага жаткырылган. Калгандары аймактык ооруканаларга жиберилген. Эл көп кабаттуу үйлөрдө суук болгондуктан электр жылыткычтарды иштетишкенин билдиришкен. Учурда бул маселе боюнча тиешелүү мекемелер текшерүү иштерин жүргүзүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин январь айынын башында бир апта аралыгында АКШда катуу суук катталып, 16 адамдын өмүрүн алганын кабарланган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: