Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин милицияда иштеген күйө баласы Айбек Сыдыков мас абалда автоунаасы менен 2 машинаны сүзуп кетти деген маалыматка Ички иштер башкармалыгы үн катты. Алардын билдирүүсүнө ылайык Айбек Сыдыков 3 ай мурун 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген.
Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын 5-октябрында
Бишкектеги “Ретро-Метро” түнкү клубунда
милиция кызматкерлери менен түнкү клубдун кызматкерлеринин ортосунда чыр
чыгып, ок атылган. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен бул ишке
милициянын подполковниги Айбек Сыдыковдун катыштыгы бар экени аныкталып, ага
тартип жазасы колдонулган. Мындан сырткары өз учурунда Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан
Кылмыш-жаза кодексинин “уурулук”, “бейбаштык менен курал
колдонуу” жана “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”
беренелери менен кылмыш иши ачылып, иш сотко өткөрүлүп берилген.
Айбек Сыдыков катышкан жол кырсыгы 10-февраль
күнү саат 18:40 чамаларында Гоголь жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде орун
алган. Анда
5 жеңил автоунаа сүзүшүп, биринин айдоочусу мас абылында экени аныкталган. Учурда
ИИМ аталган факты боюнча иликтөөлөр журуп ,жакын арада дагы кошумча маалыматтар
чыгаарын билдирди
Thank you great posting about essential oil. Hello Administ . Bahsegel