ЖАМКнын жаңы жетекчиси Мелис Турганбаев кимдир бирөө мени менен сүйлөшкүсү келсе, эшиги дайыма ачык экенин билдирди.
– Эмне үчүн кимдир бирөөлөр мага каршы митингге чыгаарына түшүнө албай турам, – дейт ал. Адил Турдукуловду мен жеке өзүм тааныбайм жана ага эч нерсе кылган эмесмин. Кимдир бирөө мени менен сүйлөшкүсү келсе, менин эшигим дайыма ачык. Келе беришсин. Биз жигердүү жарандарды сарсанаа кылган көйгөйлөрдү талкуу кылабыз.
Турганбаев активисттердин анын дарегине карата айткан сөздөрү негизсиз экендигин кошумчалады.
– ЖАМК менен ИИМ бирдей системадагы мекемелер, -деди ал. – Мурда жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматы ИИМдин курамында болчу. Менин алдымда азыр көп пландар бар. Мен бул кызматта болгону үч күн гана иштедим, бирок ушул үч күндө ЖАМК унутта калган мекеме экендигин түшүндүм.
Эске салсак, мурда жарандык активист Адиль Турдукулов ЖАМК башчылыгына Мелис Турганбаевдин дайындалышына каршылыгын билдирген.
Muğla Ceza AvukatıMuğla Ceza Avukatı Nerelerde Hizmet Verir? Muğla Ceza Avukatı Ücretleri; Muğla Avukatları. mugla agir ceza avukati. Muğla Ağır Ceza Avukatı Bölgesinde Hizmet Veren Avukatların Adres, Telefon Numarası gibi İletişim Bilgilerine Ulaşabilir veya Seçeceğiniz Avukata Soru sırabilirsiniz.