Мигранттар 2005-жылдан бери Кыргызстанга канча акча которгон?

590

Улуттук банктын ачык булактарында жарыяланган маалыматтарга ылайык, 2005-жылдан бери Россиядан Кыргызстанга 21 миллиард долларга чукул каражат которулган

Мигранттардын өз өлкөсүнө салган акчасы мамлекеттин ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

2005-жылдан былтыркы жылдын ноябрына чейин жеке тараптар Кыргызстанга 21 миллиард 734 миллион 790 миң доллар жөнөткөн.

Келген каражаттын ири бөлүгү — 20 миллиард 844 миллион 490 миң доллары Россиядан. Рекорддуу көрсөткүч 2017-жылга таандык, ал жылы 2,4 миллард доллардан ашуун акча которулган. Бул көрсөткүчтөрдөн 2018-жылдын жыйынтыгы ашып түшөөрү мүмкүн. Азырынча, өткөн жылдын статистикасы жарыялана элек

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь