Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды

565

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталып, Журналисттик иликтөөлөр фонду 12-февралда татыктууларга байге тапшырды.

Комиссиянын тыянагы менен ар түрдүү медиада иштеген төмөндөгү журналисттер сыйланышты: Карачач Шакирова жакшы материал үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылды, “Умтулуу” сыйлыгы Эрик Исраилов менен Адил Турдукуловго, “Үмүт” сыйлыгы Марина Сколышевага берилди. Башкы сыйлыкка “Азаттык” радиосунун Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаков татыктуу деп табылды.

Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүүгө багытталган сынак былтыр декабрда жарыяланган. Ага 2018-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чыккан 30дан ашуун иш келип түшкөн. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, атайын статуэтка жана диплом, башкы сыйлык ээсине 100 миң сом берилди.

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду былтыр 14-сентябрда ишке киришкен.

Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.​

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь