Бишкек ТЭЦи Кыргызстандагы эң ири жылуулук станциясы болуп саналат. Эң биринчи турбоагрегат 1961-жылы эле ишке киргизилген. Демек, өтө узак жылдар тынымсыз иштегенине байланыштуу аны реконструкциялоо маселеси келип чыккан.
Бул маселе 2007-жылы 26-сентябрда өткөн техникалык жыйында каралган. 2012-жылдан тартып бир нече жыл коңшулаш мамлекеттер менен мамиле кескин начарлап кеткенин билебиз. Буга ошол убактагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жүргүзгөн саясаты жана «балп» этмелери себеп болгон.
Мындай шартта электр энергиясын түштүктөн түндүккө Өзбекстан жана Казакстан аркылуу алып өткөрүү кыйындыкка турган. Башкача айтканда, саясий мамилелер экономикалык көйгөйдү жараткан. Буга байланыштуу Атамбаевдин администрациясы мамлекеттин тышкы карызын көбөйтүү менен бул кырдаалдан чыгуу чечимин кабыл алынган.
Саясий жетекчилик тарабынан мүмкүн эмес болгон кыска мөөнөттүн коюлушу өкмөттүн бул долбоорлорду ишке ашырууда тактикалык жана экономикалык жаңылыштыктарды кетирүүсүнө себеп болгон. Датка жана Кемин подстанциялары, «Датка-Кемин» электр берүү чубалгысы, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорлорунун техникалык-экономикалык негиздемелери, алдын-ала деталдашкан долбоорлору жана сметалары жана финансылык негиздемелери жок, коомдук талкууга салынбастан шашылыш ишке ашырылышы мына ушуну менен түшүндүрүлөт.
Натыйжада, Кытай мамлекетинин Эксимбанкына болгон карыз эбегейсиз өсүп, 1,5 млрд долларга жеткен. Бул иштин материалдары далилдегендей жогорудагы маселелерди чечүүгө туура мамиле жасалганда коротулган каражаттарды алдаканча үнөмдөп калууга болмок.
Кытай тараптан өкмөттүн кепилдиги менен тышкы карызды көбөйтүү аркылуу карыз акча каражаттарын тартып келүү өтө коркунучтуу, мамлекетке пайда алып келүү эмес, факты жүзүндө өлкөнүн көз карандысыздыгын кепилдикке коюу шарттарында ишке ашкан. Эми аркага кайталы. 2009-2010-жылдары Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен «Электр станциялары» ААКсы, энергетика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги тарабынан техникалык тапшырмалар дардалып, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоооруна 150 млн доллар эсептелген техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганын далилдеген документтер, каттар, жыйындардын протоколдору, презентациялык долбоорлор калган.
Долбоорду каржылоонун булагы катары Дүйнөлүк банк аталып, айрым бөлүгүнө республикалык бюджет дагы көрсөтүлгөн. 2011-жылдан баштап 2012-жылга чейинки мезгилде Сапар Исаков КР өкмөтүнүн аппаратынын, кийин президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызмат ордун ээлеп турганда Кытайга болгон иш сапарларды даярдоо процессин жетектеген.
Мындан тышкары ал расмий делегациянын курамында Кыргызстандын аймагындагы ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алдыңкы кытай компанияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууларга катышкан. Долбоорду жана сметаны Кыргызстандын ички мыйзамдарынын негизинде түзүү зарылчылыгы ТВЕА компаниясы менен болгон контракттык макулдашууда жазылган. Долбоордун баасы долбоордун сметалык документациялары түзүлгөндөн кийин такталышы керек болчу. Бирок, алар аткарылган эмес. Ошондой эле долбоордук-сметалык документация подрядчик тарабынан макулдаштыктын шарттарына жана биздин мыйзамдардын талаптарына жараша заказ берүүчүгө ушул күнгө чейин бериле элек. Ошентип өкмөттүн кепилдиги менен насыяга алган мамлекеттик бюджеттик каражаттар бюджеттик мыйзамдарды бузуу менен сарпталган. 1 мегаватт үчүн болгон дүйнөлүк орточо баа салыктарды камтыйт.
Бирок, ТВЕА компаниясына төлөнгөн 386 млн доллардан бир да тыйын салык төлөнгөн эмес. Мисалы, киреше салыгы, социалдык жана башка төлөмдөр көңүлгө алынган эмес. Демек, 386 млн доллардын кеминде 30%ы салык иретинде кармалышы керек болчу. Балким бул учурда долбоордун баасы дүйнөлүк орточо баага жакын болмок. Ал эми биздеги ТЭЦтеги кырдаал тууралуу айтсак, курулуш эң башынан башталган курулуш эмес, инфраструктурасы жана коммуникациясы даяр, болгону эски жабдууларды жаңыга алмаштыруу, ТЭЦти модернизациялоо гана болгон. Иштин материалдары далилдегендей, ТЭЦти модернизациялоо боюнча долбоордун чындыкка жакыныраак баасы 2009-2010-жылдары 150 млн деп аныкталган. Кыргыз тараптын бул долбоорду ушундай баа менен ишке ашыруу сунушу Кытайдын бир катар мамлекеттик компанияларынын кызыгуусун туудурган. 2014-жылдын сентябрь айында коңшулаш Тажикстандын «Душанбе ТЭЦ 2» долбоорунун жалпы баасы 349 млн долларды түзгөн. Ал 600 мВт кубаттуулукка ээ болгон ТЭЦти ТВЕА компаниясы ишке киргизген.
Ал эми Бишкек ТЭЦи 8 км радиуста жайгашкан үйлөрдү жылуулук менен камсыздоого күчү жетет. ТЭЦти модернизациялоодон кийин ал кубаттуулук өзгөргөн эмес. ТВЕА компаниясы тарабынан 20 млн долларга кошумча жумуштарды аткаруу боюнча алган милдеттенмелери кагаз жүзүндө гана калган. Ал эми бул милдеттенмелердин алкагында компания тарабынан коюлган трансформаторлор менен кабелдердин баасы бир нече эсеге жогору бааланган
Эксперттердин бүтүмүнө ылайык, ТЭЦтеги авариянын дагы бир себептери төмөндөгүлөр болуп саналат:
1. Жаңы энергоблокторду азыктандыра турган суу тазалоо боюнча жаңы системанын жоктугу.
2. ТВЕА компаниясынын модернизация иштеринин учурунда химиялык тузсундандырылган суу сактала турган эки бакты демонтаждап салганы.
3. Долбоордун ишке ашырылышына мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу.
4. Бийлик тарабынан подрядчик компаниянын кызыкчылыктарынын корголушу.
5. Заказ берүүчү тарабынан шалаакылык мамиле кылуусу.
6. Химиялык цехтин жок болушу.
7. Жаңы энергоблоктордун ТЭЦтин жабдуулары эскирген эски бөлүктөрүндөгү нагрузканы же албаганы.
8. Кырсыктын алдында жылуулук жана электр энергиясын өндүрүү боюнча баардык нагрузка ТЭЦтин эски жабуудаларына жүктөлгөнү. Мындан улам суроо туулат, анда жаңы энергоблокту куруунун эмне зарылдыгы бар эле? Андай болсо ТЭЦтин эски жабдууларынын 90%ын жаңыга алмаштырып, 50 млн долларга капиталдык ремонт жүргүзүү максатка ылайык болот эле да? Бул тууралуу адистер модернизация иштери башталганга чейин эле сунушташкан.
Бирок, андай сунушту ал убактагы бийлик уккусу келген эмес. Калкка болсо туура эмес маалымат беришкен. Жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүчү жаңы кубаттуулуктар ишке киргизилген деп айтышкан. Авария көрсөткөндөй андай болгон эмес. 2013-жылдын курулуштун сметалык баасы кабыл алынган баалоо боюнча жыйында 386 млн АКШ доллары же контракт түзүлгөн күнгө карата сомдун АКШ долларына карата расмий курсу боюнча сомдук туюнтууда 18 872 852 400 сом болгон. Сметалык эсептөөлөр боюнча 13 433 324 918 сом деп берилген бааларды салыштырганда 111 252 797 АКШ доллары өлчөмүндө айырма табылган. Демек, ушунча суммадагы акча каражаты кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө томпойткон.
Экс-ажо А. Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү «ТЭЦтеги кырсык модернизация болгон жагында эмес,эски жагында болгон» деп актанып келишет. Негизи ошол жасалган модернизациялоо ТЭЦти аварияга учуратпашы керек болчу. Аварияга учураткандан кийин, демек ТЭЦти модернизациялоо өз максатына жеткен эмес деген тыянакка келсек болот. Ал болгону кимдир-бирөөлөрдүн эбегейсиз байып алышына гана жол ачкан.