Жертөлөөдөн адамдын жансыз денеси табылды. Ал декабрь айында эле өлтүрүлгөн

599

Сокулук районунда эки ай мурун киши колдуу болуп каза болгон адамдын жансыз денеси табылды. Маалым болгондой, жансыз дене Сокулук районундагы үйлөрдүн биринин короосунда жайгашкан жер төлөдөн 11-февраль күнү милиция кызматкерлери тарабынан табылып, маркум Ысык-Көл облусунун 42 жаштагы  О.С аттуу тургуну болуп чыккан.

Маркумдун денеси сасып, чирий баштаган. Ошондой эле аны кемирүүчү жандыктардын тиштегилеп кеткени аныкталган.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Издөө иштеринин жүрүшүндө аталган оор кылмышка шектүү катары 37 жаштагыЦ.В. аттуу адам жана аны менен бирге жашаган 35 жаштагы Я.А. аттуу аял кармалып, экөө тең Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалыматтарга караганда, адам өмүрүн алган окуя 2018-жылдын декабрь айынын соңунда катталган. Алар бирге спирт ичимдигин ичип отуруп пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Жыйынытыгында О.С. алган жаракатынан улам каза болгон.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери улантылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь