ЖЭБ аварияны модернизациялоодогу ири коррупциялык көрүнүштү ачыктады

416

Бишкек Жылуулук Электр борборундагы аварияны модернизациялоодогу ири коррупциялык көрүнүштү ачыктады. Техникалык экономикалык негиздемеси жок туруп иш башталып, натыйжада аттиштин эле баасы алты жүз долларды чапчып элдин оозун ачырган. Карызга болгондо да насыяга алынган 386 млн доллар жеткен ысырапкорчулук менен пайдаланып, ЖЭБтин 30 гана пайызы оңдоодон өткөн. Бул иштин аркасында Сапар Исаков түздөн түз турганын депутаттар анын бетине ачык айтышкан.

Депутаттардын пикиринен соң Сапар Исаковду ак жеринен камалды деп айтууга көпчүлүктүн оозу барган жок. Анча мынча акча төлөнгөн тарапташтары гана бирин эки актамыш эткени болбосо, жалпы коомчулук анын ичинде саясий элита дагы күнөөсү болсо мойну менен тартсын деген пикирди карманды. Бирок жалпы коомдук пикирге каршы чыгып, Сапар Исаковдун актыгына анын өзүнчөлүк күйгөн бир адам болду. Ал Алмазбек Атамбаев.

Ооба  Атамбаевдин Сапар Исаковго күйүп бышканынын жөнү бар. Анткени, Сапар мырза анын жан жөөкөрлөрүнүн эң жакыны болгон. Атамбаев алты жыл мамлекетти башкарса, Сапар Исаков бир жерден жылбай тышкы саясат бөлүмүн беш жыл жетектеп аппарат башчылыкка чейин жеткен.

Сапар Исаков тышкы саясатты деле тыңгылыктуу алып кетти деп айтыш кыйын. Башкасын айтпаганда да “Русгидро” жана “Лигласс” өңдүү компаниялар менен түзүлгөн келишим долбоорлор мамлекетке бир топ чыгым алып келди. Бирок оң колунун мындай одоно катачылыктарына кожоюн көз жумуп, жоопко тартпастан мамлекеттик жогорку даражалуу сыйлыкты тапшырган.

Бири бирин сыйлоо жагын жакшы колго алышканы менен коңшуларга эбин таап мамиле кылуу жагы унутта калтырылган. Натыйжада Өзбекстан Казакстан менен мамиле бузулуп, анын запкысын жөнөкөй эл тартты. Өзүн мыкты дипломат сезген Сапар мырза,  шефи “балп” этип жатканда дипломатияда бул нерсе жакшылык алып келбестиги туурасында кеңеш берип да койбоптур. Аны кийинки интервьюларда Сапар Исаков өзү тастыктап Атамбаевдин коңшуларга катуу айткан сөзүн жетишкендик катары сыпаттаган.

Сапар Исаков тышкы саясатты кыйратып койгонсуп, ички саясаттын ичи койнуна кирип тагыраагы экономикалык долбоорлорго жабышып жармашкан. Анын себеби акча жыттанган обьектилердин курулушунан ооноп калуу эле. – Кантсе да Максимдин мектебинен откон Сапар мырза экс ажонун атын атабастан “Байке” айтты деп министрлерге чейин буйрук берип жан жоокордун классикалык улгусун жакшы корсотту. Анын бул ак кызматын Атамбаев жерде калтырбай окмот башчы кылууга да улгурду

Атамбаев бапестеп остургон жигит жаны бийликтин келиши менен бапестелген жок. ТЭЦти модернизациялоодогу былык иштери ачыкка чыгып, Жогорку кенештин ишенбоочулук корсотуусу аркылуу кызматтан кетти. Жон кетпестен бетти тырмап кыргыз эли шайлаган 120 депутатты саясий олукко тенеди. Ансыз да парламенттин депутатарына кыжынып жини келип турган Алмазбек Атамбаев аны канатына калкалап, озуно орун басар кыла салды. Бирок бул аракетинин баардыгы Сапар Исаковдун жоопкерчиликтен кутулуп кетишине оболго боло алган жок. Ага кылмыш иши козголуп камакка алынды.

Сапар Исаковдун ТЭЦ аферасына катыштыгын аныктаган далилдер:

  1. 2009-жылдын 15-октябрында ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун Кытайга официалдуу иш сапары болгон. Ал жерде «Кыргызстандын улуттук энергетикалык түйүнү” ЖЧКсы жана ТВЕА компаниясы менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлган. (Иш сапарды Сапар Исаков даярдаган)

 

  1. 2010-жылдын 12-январында Максим Бакиевдин иш сапары болгон. Аны ЦАРИИнин коммуникация кызматынын башчысы Сапар Исаков даярдаган. “ЛЭП 500 кВ Датка-Кемин курулушу” долбоору боюнча “Тибиан Электрик Компани” (ТВЕА) менен келишимге кол коюлган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь