Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 70 жашты түзөт

347

Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 70,9 жашты түзүп, Борбор Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүчтүн арасына кирди. Бул тууралуу Global Burden of Disease изилдөөсүндө айтылат.

Эң начар көрсөткүч Түркмөнстанда, жашоонун орточо узактыгы 70,4 жаш.

Борбор Азияда эң узак жашагандар Өзбекстанда, алардын орточо жашоо узактыгы 73,8 жаш. Тажикстанда 73,7, Казакстанда 72,4 жаш.

Изилдөөнүн маалыматы боюнча дүйнөдө эң узак жашагандар Гонконгдо, алар 84,3 жашка жетет. Кийинки катарда Жапония менен Италия турат.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь