Кыргыз Республикасынын Өзбекстан менен 2018-жылдын январь-декабрь мезгилиндеги соода көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 336,5 млн. АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүч 2017-ж. январь-декабрына салыштырганда 8,6 пайызга өстү.
Экспорттук түшүүлөр 8,3 пайызга өсүп, 158,5 млн. долларын түздү. Кыргыз Республикасынын экспортунун жалпы көлөмүндө Өзбекстан Республикасынын үлүшү 9,0 пайызын түздү. 2017-ж. январь-декабрына салыштырганда 0,7 пайыздык пунктка өстү.
Импорттук түшүүлөр 8,8 пайызга көбөйүп, 178,0 млн. долларын түздү. Кыргыз Республикасынын импортунун жалпы көлөмүндө Өзбекстандын үлүшү 3,6 пайызды түзүп, 2017-ж. январь-декабрь деңгээлинде өзгөрүүсүз калды.
2018-жылдын январь-декабрында соода балансынын терс сальдосу 19,5 млн. АКШ долларын (ал эми, 2017-ж. январь-декабрында 17,3 млн. АКШ долларын) түздү.
Өзбекстанга жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү негизинен чийки мунай заттардын , цементтин , таш көмүрдүн , жылмаланган айнектин, күрөң көмүрдүн өсүшү менен камсыздалган.
Ошол эле учурда экспорттук түшүүлөр негизинен электрэнергиясынын 34,0 пайызга, машиналар жана жабдуулардын 18,8 пайызга түшүүлөрү менен шартталды.
2018-жылдын январь-декабрь мезгилинде импорттук түшүүлөрдүн жогорулашы жалпысынан алюминий жана андан жасалган буюмдардын , мөмө-жемиш жана жаңгактардын, желим жана андан жасалган буюмдар, жашылча-жемиштер жана трикотаж кездемелери өсүшү менен шартталды.