Окуучу баланы ур-токмокко алган жарандын видеосу тарады

336

Социалдык тармактарда окуучу баланы белгисиз жаран ур тепкиге алган видео тарады.

Ал тасмада окуучу балдар ойноп жатып, бирөөсү экинчисин түртүп жибергенин көрүүгө болот. Ошол учурда ойноп жаткан балдардын жанына  келип түртүп жиберген окуучуну ур токмокко алып, кулап калган жеринен ары-бери сүйрөгөн.

Бул боюнча Билим берүү министрлигинин маалымат катчысына байланышып, окуянын чоо жайын, кайсы мектепте катталганын сураганыбызда бул боюнча эч кандай маалымат жок экенин билдирип, тактап көрүүнү суранып, бир нече убакыттан кийин чалууну өтүндү. Бир саат убакыт өткөн соң кайрадан байланышуубуздан жыйынтык чыккан жок.

Бул маалыматты тактай алышкан жокпу же чындап эле жумушунан бошобой жатканбы айтор тыңгылыктуу жооп ала албадык.

Акыркы учурда социалдык тармакка тараган ар кандай фото, видеолорду аныктап, тиешелүү чара көрүүн ордуна, ал боюнча органдардын өздөрүнүн маалыматы жок болгону өкүнүчтүү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь