Ош мэриясы мектеп окуучуларынын жол акысын 5 сомго көтөрүүнү пландап жатат. Шаардык кеңеш калаа бийлигинин сунушун кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизди.
Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы 19-февралга белгиленген. Эгер депутаттар мэриянын сунушун жактырса, мектеп окуучуларынын жол акысы 5 сомго көтөрүлөт.
Окуучулардын жол акысы депутаттардын чечиминен кийин эле көтөрүлө калбайт. Ош мэриясы шаардык кеңеш сунушту жактырып бергенден кийин атайын токтом чыгарат.
Бүгүнкү Ош шаарында мектеп окуучуларынын жол акысы 1 сомду түзөт. Коомдук транспорт айдоочулары жол акыны 5 сомго көтөрүү маселесин көп жылдан бери көтөрүп келе жатышат.