Президент Жээнбековко кимдердин үстүнөн арыз көбүрөөк түшкөн

422

Былтыркы жылы президенттин аппаратына жана коомдук кабылдамасына 14 493 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Көпчүлүк сот жана укук коргоо органдарынын ишине нааразы экенин билдирген. Бул багытта 6487 ирет кайрылуу болсо, аткаруу бийлигинин үстүнөн 3 357 ирет даттанышкан.

Жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө 1 549 адамдын көңүлү жылыган эмес.

Негизинен Жээнбековго ар кыл маселелер боюнча кайрылышкан. Алардын арасында ырайым берүү, жарандык алуу, коопсуздук маселелери бар. Ал эми 141 чет элдик киши президенттин сүрөтү менен кол тамгасын сураган

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь