УКМК менен ИИМдин кызматкерлери 9-февралда террорчулукка каршы атайын иш-чара өткөргөн. Жыйынтыгында 1991-жылы туулган кыргыз жараны Р.У кармалды.
Маалыматка ылайык, ал жаран 2014-жылы чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышкан. Ошол эле жылы чет мамлекетте диний окуу жайда окуп жүрүп, азгырыкка туш болгон. Андан соң үй-бүлөсү менен согуш болуп жаткан Сирияга барып, аскердик даярдыктан өтүп, Сирия өкмөтүнө каршы куралдуу кагылышууларга катышкан.
Колго түшкөн жаранга карата Кылмыш кодексинин 243-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагында согуштук конфликттерге, аскердик аракеттерге катышуусу же террордук даярдыктардан өтүшү”) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.