Ысык-Көл областынын милициясы социалдык тармакта чуу жараткан видео боюнча үн катты. Маалыматка караганда, мектеп окуучусун сабаган жаран, экинчи окуучунун апасы болуп чыкты.

7-февральда Түп районунун 37 жаштагы тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызда 6-февраль күнү Кайкин орто мектебинде, болжол менен саат 11:50 чамасында, анын 1-класста окуган баласын классташынын апасы Нуриза аттуу жаран сабаганы тууралуу жазылган.

Түп районунун милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иши башталып, жыйынтыгында жашы жете элек өспүрүмгө кол көтөргөн 38 жаштагы С.Нуриза кармалган.

Окуучуну урган жарандын жоругу толугу менен мектептин камерасына түшүп калган. Ал факты боюнча азыр тиешелүү иштер аткарылып жатат деп билдиришет милиция кызматкерлери.

Ал эми окуучунун ден- соолугу текшерилип, учурда медициналык экспертиза даярдалууда. Бул боюнча 266 (Бейбаштык) беренеси менен кылмыш иши козголду

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Комментарии

  1. Hey there! Quick question that’s entirely off topic. Do you know how to make your
    site mobile friendly? My blog looks weird when viewing from
    my apple iphone. I’m trying to find a theme or plugin that might be able to
    correct this issue. If you have any recommendations, please share.
    Appreciate it!

    Also visit my web blog :: headlamp rechargeable

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: