Кыргызстанда 2018-жыл ичинде 136 бала зордук-зомбулукка кабылып, 88 окуучу өз жанын кыйган. Мындай маалымат 13-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин Бишкектеги жыйынында айтылды.
Бул мектептерде алдын алуу иштеринин, анын ичинде ата-энелер менен жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасы, деп эсептейт министр Гүлмира Кудайбердиева.
«Кечээ эле жалпыга маалымдоо каражаттары 2 окуя тууралуу маалымдашты — Базар-Коргондо 15 жаштагы өспүрүм асынып алууга аракет кылса, Караколдо 11-класстын окуучусун өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүштү. Менин оюмча, бул мектептердин жетекчилери директордук кызматты элөөгө моралдык укугу жок», – деди билим берүү министри.
Окуучулардын өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маселелер башка баяндамачылар тарабынан да көтөрүлдү.