Аламүдүн районунун Байтик айылында жашаган 7 жаштан 10 жашка чейинки балдар китеп жазышты. Алардын 20 кыска аңгемеси киргизилген китеп “Байтик балдары” деген аталыш менен жарык көрдү.
Түстүү сүрөттөр менен шөкөттөлгөн китеп «Үй-бүлөлүк окуу» программасынын алкагында Ага Хан фондунун каржылык көмөгү менен басылды. Китепте балдардын достук, жаныбарларга аяр мамиле кылуу, туулган айылын сүйүү темасын камтыган 20 дилбаяны, аңгемелери жана ырлары топтолгон.
Ушундай эле мазмундагы балдар жазган китеп Ош облусунда 2007-жылы “Биз жазган китеп” деген ат менен чыккан. Ага Хан фондунун көмөгү менен жалпысынан балдардын 55 түстүү, сүрөттүү китеби жарыяланып, өлкөдөгү 2200 мектепке акысыз таркатылган.
Thank you for great article. Hello Administ . Hacklink , Hacklink panel , Hacklink al Hacklink panel