Бишкекте бак-дарактарды отургузуу иштери уланууда

«Бишкекжашылдандыруу» муниципалдык ишканасы кыш мезгилиндеги ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу иштерин улантууда.

Ийне жалбырактууларды отургузуу иштери үчүн кыш мезгили абдан ыңгайлуу мезгил. Февраль айынын соңуна чейин баш калаабызды жашылдандыруу иштери аяктайт. Жалпы жонунан  бул жылда 2 миң 124  бак тигилет.

Учурда Чүй проспектисинин Осмонкул көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 22 түп арча багы тигилип, бул багытта иштер жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, суу чарбачылыгы коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоодо. Учурда  Батыш Чүй Каналынын түштүк тарабын бойлой Буденный көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү куурап калган чырпыктар жана саз жерлердеги  танштандылар алынды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь