Бишкекте таксистке ок чыгарган эки жаран кармалды. Алар эки ай мурун абактан чыккан. Окуя 28-январь күнү таңкы саат 04:30 чамасында катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөр Ош базарынан таксиге отуруп, шаар четиндеги аймактардын бирине жеткирип коюуну суранышкан. Калыс-Ордо жаңы конушуна жетишкен учурда жүргүнчүлөр айдоочуну курал жана бычак менен коркутушуп, унааны токтотууну талап кылышкан. Ошол учурда айдоочу унаадан чыгып, качып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми кылмышкерлер айдоочунун артынан кууп, ок атышкан.

Бул факты Биринчи Май РИИБинин Кылмыш-жаза кодексинин 39 жана 130-беренеси “өлтүрүү үчүн кол салуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки иликтөө башталган. Шектүүлөрдүн башка дагы кылмыш ишине тиешеси бар же жогу текшерилгенде, алар уурдоо, зордуктоо, карактоо үчүн соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп чыкканына 2 ай болгону аныкталган.

Кармалган С.А. жана О.у.А. Нарын облусунун тургундары болушат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь