2018-жылдын январь-ноябрь айларынын ичинде 29 865 кыргызстандык көз жумган. Бул көрсөткүчтү Улуттук статистика комитети жарыялады.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы, 2017-жылдын 11 айына салыштырмалуу өлүм-житим азайган. Тагыраагы, мурдагы жылы 30 142 киши каза тапкан.
Статистикага таянсак, былтыр суицид жана ичимдиктен каза болгондордун саны киши колдуу болгондорго караганда эки эсе көбүрөөк болгон.
Кыргызстандыктардын өлүмүнө себеп болгон негизги факторлордун бири — кан айлануу системасындагы жана онкологиялык оорулар болуп эсептелет.