ЖЭБдеги коррупция боюнча А.Атамбаевка укуктук баа берилет

378

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупцияда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш-аракеттерине юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди. Анын айтымында, мурунку премьер-министр Сапар Исаков коррупцияны уюштурганга айыпталууда.

“Бизде анын Атамбаев менен кат алышуусу бар. Экс-президент боюнча материалдар өзүнчө ишке алынган”, – деди ал.

Бул маселе боюнча депутат Алмазбек Токторов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Самидин уулу Сагынбектен ЖЭБди модернизациялоодогу коррупциянын башында ким турганын сураган.

“Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси барбы жана анын иш-аракеттерине юридикалык баа берилгенби?“, – деп суроо узаткан депутат.

Тергөөнүн жүрүшүндө айрым чиновниктердин бузуулары аныкталган. Биз аларды өзүнчө ишке бөлдүк. Муну мыйзам жолу менен чечип, бул иш боюнча Атамбаевдин президент болуп тургандагы иш-аракеттерине юридикалык баа берүү зарыл”, – деп айткан Самидин уулу Сагынбек, Атамбаевдин экс-президент деген макамы бар экенин белгилеген.

Ага карата Токторов экс-президентти жоопкерчиликке тартууга болорун билдирди

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь