Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча күнөөлүү деп табылган соттолуучулардын мүлкүнүн жалпы суммасы 413 миллион 885 миң 392 сомду түзөт.
Жогорку Кеңештеги жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мындай маалыматтарды берип, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн айыпкерлерге таандык болгон 413 миллион 885 миң 392 сомдук кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө камак коюлгандыгын айтты.
Айыпталгандардын камакка алынган мал-мүлкүнүн көлөмү төмөнкүдөй: Сапар Исаков — 1 миллион 801 миң 833 сом; Жантөрө Сатыбалдиев — 44 миллион 394 594 сом; Осмонбек Артыкбаев— 259 миллион 953 миң 278 сом; Айбек Калиев — 19 миллион 573 миң 310 сом; Салайдин Авазов — 67 миллион 846 миң 570 сом; Жолдошбек Назаров — 1 миллион 782 миң сом; TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек — 18 миллион 537 миң 200 сом.