14-февралда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча маалымат берип жатып, кылмыш ишинин экономикага тийгизген таасирине да токтолду:

– Эми экономикалык жагын карап көрөлү. Карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн акташы маселе болуп турат. Анткени ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы эки сом токсон тыйын. Ал эми сатуу наркы жетимиш тыйын. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет.

Ошондой эле башкы прокурор ЖЭБ боюнча камакта отургандардын дооматтарын курулай популизм деп баалады.

Депутат Жанарбек Акаев башкы прокурорду фактыга гана таянып, кайсы бир саясатычыларга баа берүүдөн алыс болууга чакырды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь