Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорлук кызматына үч адам талапкер болууда. Арыздар Адил Турдукулов, Казакбай уулу Замирбек жана дагы бир талапкерден келип түшкөн. Акыркы адам конвертте атын көрсөткөн эмес.

Билдирүүлөр Байкоочу кеңештин жыйынында 18-февралда ачылат. Жыйын ачык түрдө өтүп, саат 17:00дө башталат. Эскерте кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңеши 2019-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматына ачык сынак жарыялаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь