Каныбек Иманалиев Бишкек ЖЭБдеги чырды Кыргызстандын тарыхында Кумтөрдөн кийинки экинчи афёра деп атады.
Эл өкүлү ТВЕА менен ким сүйлөшүулөрдү жүргүзгөндүгүнө кызыкты. ТBEA компаниясы Кыргызстанда 2011-жылдан баштап иш алып барган.
Ал эми Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр ошол кездеги өнөр-жай жана Энергетика министри Аскарбек Шадиев аркылуу өткөндүгү парламенттеги жыйында маалымдалды.