Бишкек ЖЭБне өздүк баасы 6млн 200миң долларлык эки генератор 8млн 400миң доллардан орнотулган. Бул тууралуу бүгүн башкы прокурор Жашитбек Өткүров Жогорку Кеңеште маалымат берди.

Башкы прокурор кошумчалагандай курулуш материалдар жана техникалык жабдыктар өз баасынан кымбат алынып, бир нече жумуштар көбөйтүлгөн баа менен иштетилип келген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мурдагы президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков кызматтык ыйгарым укуктарын аша чапкандыгы аныкталган.

Ал подрядчикти тандап жана келишимге кол коюу маселелерин түздөн-түз өчу чечкендиги далилденгендигин Жамшитбек Өткүров белгиледи. Мунун негизинде Сапар Исаковго Кылмыш жаза кодексинин “коорупцияны уюштуруп башкаруу” беренеси менен иш козголгон.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь